2015-жылдын 8 айында теңдештирүүчү гранттар иш жүзүндө 898,7 миллион сомго каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2015-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.
Маалымат үчүн:
Теңдештирүүчү гранттар – минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык, стабилдүү социалдык-экономикалык абалды сактап туруу максатында жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.