Бишкектин Жал кичи районунда кытай тилин тереңдетип окута турган мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы окуу жай Кытайдын каражатына салынып, ал 600 окуучуга ылайыкталат. Жалпысынан 24 класс түзүлүп, алардын 15и жөнөкөй, 9у атайын класс болуп эсептелинет. Анда кытай тили, фонетика, музыка, көркөм өнөр, физика, химия жана биология сабактары боюнча тереңдетип окутуу жүргүзүлөт.
Мектеп үч кабаттуу эки корпустан турары белгилүү болду. Курулуш иштери аяктаганда Кытай тарап мектепти керектүү жабдыктар жана эмеректер менен камсыз кылып, шаар башкармалыгынын карамагына өткөрүп берет.