Ошто автоунаа салыгын төкпөгөндөрдү табуу үчүн рейд жүрдү

Ош шаардык салык башкармалыгы 3-сентябрда жол-кайгуул кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүп, автоунаа салыгын төгүүнүн жыйынтыгын текшеришти. Башкармалыктын өкүлү Турдубек Мусабаевдин билдиришинче, августтан бери салык төгүүгө карата текшерүү жүргүзүү үчүн 4 топ иштеп жатат. 
"Быйылкы жылдын 7 айында автоунаа салыгы катары бюджетке 11 миллион 913 миң сом түштү. План боюнча 20 миллион 546 миң сом түшүшү керек эле. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы менен августта 7,1 миллион сом жыйналды",- дейт Мусабаева. 
Рейд учурунда 20 автоунаа токтотулуп, 10 автоунаанын ээси салык төкпөгөнү аныкталганы айтылды. Эскерте кетсек, быйыл 1-сентябрда автоунаага салык төлөө мөөнөтү аяктаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
warsaw.
2015-09-03 16:26:38
мен төгө элекмин
0
Talgat87
2015-09-03 16:39:35
Ку кук мени таап алгыла,мен да того элекмин))
-1
ularik_kg
2015-09-03 19:14:06
Talgat87, 2000 акчанызды алат шо эле ДПС сизди издебейт озунуз эле келесиз
0
EdikoKG
2015-09-03 17:07:13
Мен дагы...(
0
Aviator
2015-09-03 17:07:14
кааласан каалабасан да толой турган нерсени толоп эле коюш керек да бироону издетпей
0
Mars55
2015-09-03 17:28:06
Aviator, эн туура айтасын созсуз толотот.Мен тологону барсам адам батбайт салык толоочулор.Анан ал акча кайда кетет деген ой келет
0
uragan007
2015-09-03 17:22:16
мен да того элекмин. тутуп алсанар штрафы менен тологум келатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан