Бишкектин 10-кичи районунда жайгашкан Саманчы жана Аты жок көчөлөрүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу 40тан ашуун соода-сатык объектиси алынат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Октябрь районунун акими Болот Алымкулов бүгүн реконструкция иштери менен таанышып, тоскоолдук жаратып жаткан объектилерди алууну тапшырган.
Айта кетсек, жалпысынан 1500 метр жол тилкеси оңдолмокчу. Долбоорго ылайык, аталган көчөлөрдүн туурасы 8 метрди түзүп калат. 21-августта башталган реконструкция иштери 31-октябрга чейин уланат.