Футбол. Кыргыз футболчуларынын тайпадагы атаандашы Австралия өз үйүндө Бангладешти 5:0 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 3-сентябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда бир катар оюндар өтүп жатат. Азиянын аймагында мамлекетибиздин улуттук курамасы жайгашкан "В" тайпасында да бул күнгө 2 оюн белгиленген. Алгач Австралия менен Бангладеш беттеши болору, андан соң Иордания менен Кыргыз Республикасы беттешери күн мурунтан кабарланган. 
Тайпадагы эң күчтүү курамалардын бири Австралия өз үйүндө Бангладеш менен беттешип, ири эсепте утуп алды. Үй ээлери алгачкы 45 мүнөттүктө эле атаандаштарынын дарбазасына 4 гол киргизип, оюндун тагдырын чечип коюшту. Экинчи 45 мүнөттүктө болсо үй ээлери болгону 1 гол киргизип, 3 упайга ээ болушту. Жыйынтыгында Австралия курамасы 3 упайга ээ болуп, тайпада алдынкы сапка чыкты (6 упай). 
Кошумчалай кетсек, буга улай 22:00дө (Бишкек сааты боюнча) Иордания жана Кыргыз Республикасы беттешет. 

МЕЛДЕШ ЖАДЫБАЛЫ:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

Австралия

2

6

2

Иордания

1

3

3

Кыргыз Республикасы

2

3

4

Тажикстан

2

1

5

Бангладеш

3

1

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Nusii
2015-09-03 23:20:31
Э кудай офсайт болуп калдыле ееее жолбосом гол болот еле бизге
0
Nusii
2015-09-03 23:23:38
Биздикилер экинчи таймда оздоруно жакшы келе алышпай жатат!!! Биринчи таймдагыдай ойносо утабыз куда каласа !! Азырынча 63 минут счет 0:0
0
Bilal2013
2015-09-03 23:37:32
Эмне болду, барбы жылыш?
0
Nusii
2015-09-03 23:38:56
оа жылыш бар азырынча 0:0 биздикилер аракет кылып жатышат !
0
marmiladka9
2015-09-03 23:41:30
жооп жазып койгулачы?
0
Bilal2013
2015-09-03 23:45:25
Алга Кыргызстан!!! Аллахым колдосун!!!
0
Bilal2013
2015-09-03 23:46:15
Канчанчы минута?
0
Mars55
2015-09-03 23:51:57
жаным чыгып жатат коро албай коргондор айтып тургула ичти сыкбай
0
Nusii
2015-09-03 23:55:35
Оюн бутту счет 0:0 биздикилер аябай жакшы ойношту Иордания жакшы ойной алышкан жок!!!! Короче зор оюн болду Кыргызстан алга!!!!!!
0
Aibek..
2015-09-03 23:55:51
0:0
0
Valley.of.the.Wolves
2015-09-03 23:55:59
Оюн бутту счет 0:0
0
Bilal2013
2015-09-03 23:57:21
Азаматтар десе! Алга! Кийинкилеринде созсуз женебиз, Иншааллах...
0
Mars55
2015-09-03 23:58:30
рахмааааааат чон айтып бергенинерге жаным жай алды
0
Nusii
2015-09-03 23:59:03
Бизге бир зор атакага точка кое турган оюнчу керек!!!
0
Rusik.
2015-09-04 00:34:36
Бул жерден онлайн корупсунорго? Суперстандын Спорт болумуно кирсенер ошол жакта корушот балдар дайыма чогу ызылдап суйлошуп дегендей, атайын темаларда бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан