Транспорт жана коммуникация министрлиги: Ашууларга кар жаады, Бишкек-Ош трассасында унаа тыгындары жок

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына 10-15 сантиметр калыңдыкта кар жаады. Транспорт жана коммуникация министрлигинин билдиришинче, аталган ашууларда жол кызматкерлеринин күнү-түнү иштөөчү нөөмөтү түзүлдү. Кар тазалоочу техникалар жетиштүү, бирок азырынча жолго кум чачуу зарылдыгы жок.
"Суук аба ырайынан улам малчылар жайлоодон кайтышууда. Ошондуктан тоннелдин оозунда унаа тыгындары пайда болууда. Биз чабандардын малды тоннелдин ичи менен айдап өтүүсүнө тоскоолдук кыла албайбыз, мал айдап өтүү учурунда транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилип жатат",- деп билдирди министрлик. 
Азыркы учурда аталган ашууларда жол ачык экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-09-04 11:56:35
maksat2016 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан