Футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу: "Иордания менен конокто ойногонубуз жаман эмес, ошентсе да биз көп мүмкүнчүлүктү бош кетирдик"

Футбол боюнча улуттук курама командабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 3-беттешин өткөрүп, конокто Иордания менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Футбол федерациясынан кабарлашкандай, курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгында төмөнкүлөргө токтолду: 

"Иордания курамасы тажрыйбалуу, күчтүү атаандаш. Ошентсе да биз жеңишке жакын болдук. Тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана алган жокпуз. Бир чети конокто тең эсепте ойногонубуз жаман эмес. Үй ээлеринин дарбазачысынын мыкты оюну биздин жеңишке бөгөт койгон себептердин бири болду. Стадиондо мамлекетибиздин курамасынын аз сандагы күйөрмандары болушту, аларга өз кезегинде ыраазычылык билдирем". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Patrik
2015-09-04 13:48:52
Жалпынарга конул айтам.
-1
bakytbek.k
2015-09-04 14:26:26
Patrik, кимге конул айтасын
0
bosmos777
2015-09-04 13:55:05
Алга! Кыргыз!
+1
aikol87
2015-09-04 14:13:14
Шанс бар дагы.Алдыга карай ийгилик.
+2
Ruslan_d
2015-09-04 14:19:41
Азаматсын.!
0
Nusii
2015-09-04 14:59:34
Албетте шанс бар кантип болбосун! Бир озубуздун стадиондо жана бир конок болуп ойнойбуз ! Ар бир команда менен эки оюн откоробуз!!! Эми эле уч оюн болду дагы беш оюн бар!
0
Mars55
2015-09-04 15:33:01
урматтуу супер инфо эми бизге качан конок болушат Иордания
0
admin_portal
2015-09-04 15:42:59
Mars55, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, кеңири маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/108815/
0
Mars55
2015-09-04 15:55:08
admin_portal, рахмат чооон
+1
RASTAMAN
2015-09-05 00:00:47
Конокто тен чыгуу(1 упай) жакшы жетишкендик азаматсынар
0
juventusmilan
2015-09-07 17:41:47
алга азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан