Таласта кардын кесепетинен түшүмдүүлүк 15-20 пайызга чейин аз болору күтүлүүдө

Талас облусунда күтүүсүз жааган кардын кесепетинен түшүмдүүлүк 15-20 пайызга чейин аз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Талас районунда 2-сентябрдан 3-сентябрга караган түнү нөшөрлөгөн жаан карга айланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян алып келген. Осмонкулов айыл аймагында 230 гектар кылкандуу дан эгиндеринин 180 гектары жыйналган, кардын астында 50 гектар арпа калганы билдирилди.

Талас - Суусамыр трассасынын өйдө жагындагы айдоо жерлери толугу менен кардын астында калган, бирок күн ачылганына байланыштуу кар эрип, арпа өзүнүн калыбына келди. Ал эми Талды-Булак - Көпүрө-Базар унаа жолунун боюнда айдалган болжол менен 25 гектар арпа калың кардын астында калган. 4-сентябрга карата 25 гектардын 12,5 гектары толугу менен жараксыз деп табылды. Башка чөп, картошка өсүмдүктөрүнө зыян алып келген жок.

Айдаралиев айыл аймагында 300 гектар кылкандуу дан эгиндер, 500 гектар картошка жана 900 гектар көп жылдык чөп кар астында калган. Бирок бүгүн түшкө дейре кар толугу менен эрип, аталган айыл чарба өсүмдүктөрү өз калыбына келди. Башка айыл аймактарында абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2015-09-04 18:03:23
Карды эртерээк, анан шашып Кудайдан сурап жиберишкенго
-2
Mongol1155
2015-09-04 19:39:34
Кардын эрте жааган себебин биздин билерман депутаттардан сураш керек.Ошолор кабыл алган мыйзамдардын негизинде экология бузулуп,мына ушундай абалга келип отурат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан