Нарын облусунда туруктуу жашаган 273 миңден ашык жаранга 382 дарыгер кызмат көрсөтүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, облус жарандарын медициналык орто билимдин ээлери болгон 1504 адис тейлөөдө. Башка райондорго салыштырмалуу Жумгал, Нарын, Ак-Талаа райондорунда дарыгерлердин тартыштыгы жогору экени айтылат маалыматта.
"Облуста 6 айдын жыйынтыгы боюнча жарандардын өлүмү былтыркы жылкыдан өзгөрүүсүз калды. Өлүмдүн негизги себептери да мурунку бойдон: кан айлануу системинин, дем алуу органдарынын, ашказан дарты, тышкы факторлор. Мындан тышкары жугуштуу оорулар да негизги себептердин бири",- деп билдирет министрлик.