Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында “Кыргыз жерим - менин Ата Мекеним” аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын алкагында Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-сентябрда өткөн иш-чарага студенттер жана окуучулар катышты. Алар милиция кызматкерлери менен суроо-жооп иретинде баарлашып, укук тартибин сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жаман жосундарга барбоо туурасында маалымат алышты. Ошондой эле жаш инспекторлордун көнүгүүлөрдү кыргыз тилинде көрсөткөндөрү жана Кинология борборунун кызматтык иттери менен наркотикалык заттарды жана курал-жарактарды табууда берилген буйрутмалары көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Иш-чарага катышкан окуучулардын көбү келечекте милиция кызматкери болууну каалашарын билдиришкен.