Белгилүү мамлекеттик ишмер
Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда анын жакындары билдиришти.
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун, 1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1965-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.
1958-1961-жылдары Кыргызстан КПнын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, 1962-1984-жылдары СССР Жогорку Советинин 5 жолку, 1959-1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
1-даражадагы Манас, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Былтыр анын 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.