«Өлкөдө бейөкмөт уюмдар үчүн демократиялык мейкиндик чектелип бара жатат». Мындай пикирин бүгүн, 7-сентябрда «Саясий мейкиндикти кеңейтүү жана бекемдөө аркылуу Кыргыз Республикасында адам укуктарын күчөтүү» деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө бейөкмөт уюмдун өкүлү Аида Байжуманова билдирди. Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн «Чет өлкөлүк агенттер» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, алардын уюмдары жабылышы мүмкүн.
«Биздин саясий чөйрөдө дискриминациялык демилгелер пайда болууда. Эгер жаңы мыйзам долбоору жактырылса, ал чет өлкөлөр тарабынан каржыланып жаткан көптөгөн бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет. Бул нерсе өз учурунда коррупциянын өсүшүнө жол берет. Андыктан активисттер жарандардын биригүүлөргө жана тынч жыйындарга эркиндиктерге укуктарын чектеген мыйзамдык демилгелерге тынчсызданганын билдиришет. Жарандык коомчулук өз укуктарын жүзөгө ашыра алышы үчүн жагымдуу чөйрө менен камсыз болушу керек»,- деди Байжуманова.