Ажылык сапарга мамлекетибизден барган зыяратчылар учурда Сауд Арабиянын Медина шаарындагы Масжидул Кубаъ, Масджид аль-Киблатайн жана Ухуд тоосунда ажылыктын шарттарын аткарышууда. Бул тууралуу жеринде ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөсү Умар Карыпов билдиргенин муфтияттан кабарлашты. "Зыяратчыларыбыз Медина шаарында ажылыктын шарттарын аткарышып, пайгамбарыбыздын мечитине зыярат кылышууда",- деди Карыпов.Маалым болгондой, бүгүн Чүй облусунан 200 зыяратчы ажылык сапарына чыкмакчы. Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Сауд Арабиясына ажылыкка жалпысынан 2600 адам жөнөп кеткен. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учуп барып, ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.