Тоолуу аймактарда медицина кызматкерлери 1 ставка менен иштөөгө макул эмес

Тоолуу аймактарда медицина кызматкерлери 1 ставка менен иштөөгө макул эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда маалымат жыйында Нарын облустук ооруканасынын дарыгер-дерматологу Эркингүл Сагындыкова билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын май айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, алардын саат 08:00дөн 15:00гө чейин гана иштегенге укугу бар. 
"2011-жылдан бери бизден төрт коэффициентти алып салышты. Бул маянанын кыскарышына алып келген. Эми акыркы жолу тоолуу аймактарда иштеген дарыгерлерге кошулчу акчаны алып салышты. Натыйжада ооруканадагы дарыгерлер түшкө чейин гана иштешет. Андан кийин бейтаптарды ким карайт? Бизге жаңы дарыгерлер келишпейт. Мисалы, мен түштөн кийин базарга чыгып иштейм, анткени балдарымды багышым керек. 
Биз бул мыйзамдын кайра туура каралышын сурап Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган элек. Алардын кээ бири "чынында эле туура эмес экен" деп, биринчи отурумунда карашмакчы болушкан, бирок кээ бир жоопкерчилиги жок аткаминерлердин айынан маселе каралбай калган",- деди дарыгер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2015-09-07 15:02:51
Туура жанын ооруганда медик керек,оорубагандын кудай менен да ишин жок дегендей болуп атат.
Тоолуу аймакта иштегендерге 1,5
ставка бериш керек.Мисалы алыскы
Чаткал районунда да ушундай,анан
кайсыл врачтар келип иштешет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан