Бельгиялык фотографтын кыргыз жеринен тарткан сүрөттөрү Гент шаарында көргөзмөгө коюлду

Бельгиянын Гент шаарында 4-сентябрда бельгиялык фотограф Елизабет Каллендин Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Монголиядагы саякатында тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. ТИМдин билдиришинче, жаш фотограф көргөзмөнү "Чексиздик" деп атады. Маалыматка таянсак, бельгиялык саякатчы кыргыз жеринде 6 ай жүрүп, улуттук маданият, каада-салттар, республиканын аймактары менен таанышып чыккан.   
Анын тарткан сүрөттөрүндө кыргыз өлкөсүнүн бийик тоолору, жайлоолору, өрөөндөрү жана көлдөрү чагылдырылып, көргөзмөнүн символу деп автор көк бөрү тартып жатышкан кыргыз жигиттери тартылган кадрды атаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bolotbai
2015-09-07 17:18:20
Комментарийдин кыргызчасы кандай болот?кыргызчасын билсенер бар болсо эгер кыргызча эле атайлы.
0
nurka85
2015-09-07 18:37:22
Талкуу болуш керек, кыргызчасы.
0
aslan_akjol89
2015-09-07 20:48:52
nurka85, талкуу-обсуждение.
комментарии-ои пикир билдируу болсо керек менимче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан