“16-июлда Бишкекте террордук топко каршы операцияда каза болгон балдарга граната жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегин операция жүргүзгөндөр өздөрү эле ыргытып коюшкан". Мындай пикирин бүгүн, 7-сентябрда террорист делип атылган Тариэл Жумагуловдун тууганы Турдубек Чоңмураев маалымат жыйынында айтып чыкты. "Биринчиден, эки кабат үй толугу менен күйүп кетсе, анан кантип “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желеги, ошондой эле экстремисттик китептер бүтүн бойдон сакталып калат? Биздин оюбузча, балдарыбыздын колдорунда жөнөкөй гана тапанчалар болгон. Азыр өлгөн адамга эмес, тирүү турган адамга деле мылтык же баңгизат таштап кетип жатышат. Эгерде биздин балдарды уюшкан топтун мүчөсү деп кармап же атып кетишсе, биз каршы болмок эмеспиз. Анткени бир учурда алар Камчы Көлбаевдин тобунда болушкан.
Экинчиден, атышуу болгон үйдүн ичинде 11 согушчан болгон деп жатышат, бирок андай эмес, көпчүлүгү ошол жерде иштеп жаткан куруучулар болгон",- деди Чоңмураев.