Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы партияларды милицияны саясий оюндарга аралаштырбоого чакырды

ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 7-сентябрда атайын билдирүү таратып, партияларды милицияны саясий оюндарга жана үгүт иштерине аралаштырбоого чакырды. 

Парламенттик шайлоого карата өткөрүлүп жаткан жолугушууларда айрым саясий партиялардын талапкерлери ички иштер органдарынын кызматкерлеринин дарегине карата такталбаган маалыматтарды, жалпы ИИОнын кадыр-баркына шек келтирүүчү сөздөрдү айтып үгүт иштерин жүргүзүүсүнө жана мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды сактабай жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Алардын милиция кызматкерлерин каралоо аркылуу өздөрүнүн жеке кадыр-баркын көтөрүүгө үмүттөнгөнү өкүндүрөт. Эгерде ИИОнын кызматкерлерине карата нааразылык болсо, мыйзам чегинде кайрылып, мыйзамды сыйлоону суранабыз. Милиция кызматкерлери эч качан шайлоо учурунда кайсы бир тараптын, саясий топтун же партиянын кызыкчылыгын коргобойт. Саясаттан тышкары болуп, мамлекетибиздин  бардык жарандарынын укуктарын коргомокчу”,- деп айтылат билдирүүдө.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан