Баткен облусунда 76 миң адам таза сууга муктаж

Баткен облусунда 76 миң адам таза сууга муктаж. Мындай маалыматты бүгүн, 7-сентябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, Баткен районунда 22, Лейлек районунда 9 жана Кадамжай районунда 56 айыл таза суу менен камсыз болгон эмес.

Таза суу маселесин чечүү аракеттери өкмөт тарабынан 2001-жылдан бери көрүлүп баштаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу алдыга жылуулар байкалган эмес. Бардык аныкталган фактылар боюнча жарандардын таза сууга болгон укуктары бузулганы көрүнүп турат. Мындан улам бул жагдай акыйкатчынын 2015-жылдагы баяндамасына киргизилип, ал Жогорку Кеңешке, өкмөткө, ошондой эле бардык тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”,- деп айтылат мекеменин маалыматында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bektursun2010
2015-09-07 16:42:29
бизди ойлогондар да бар окшойт эээ.
0
kadamjai90
2015-09-07 18:51:29
Оо кудайга шугур биздида ойлоп соз кылып баштаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан