Биз социалдык тармакта

Ош. Жапалак айыл аймагында ит кутурмадан өлгөндөн кийин үй жаныбарлары эмдөөдөн өткөрүлүүдө

Жапалак айыл аймагындагы Татар айылында жергиликтүү тургундун ити өлгөн. Ит кутурма ылаңына күмөндөлүп, анын башы Ош зоналдык-ветеринардык диагностикалык борборуна жөнөтүлгөн.

Натыйжада ит кутурма оорусу менен ооругандыгы тастыкталган. Бул тууралуу 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө аталган борбордун кызматкерлери тарабынан Татар айылында 2 баш ири мүйүздүү мал, 12 баш майда жандык, 1 эшек жана 21 ит-мышык кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.

Мындан сырткары бул оорунун алдын алуу максатында жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан