Кечээ, 7-сентябрда Казакстандын Павлодар шаарында Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы “Иртыш” клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Муну менен башкы машыктыруучубуз Александр Крестинин Иордания менен беттеште майданга чыкпаган оюнчуларга ойноо мүмкүнчүлүгүн берүүнү көздөгөн. Ошол себептүү Казакстанга дээрлик экинчи курам барганын КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, анда 2:0 эсеби катталды. 14-мүнөттө үй ээлери пенальтини голго айлантуу мүмкүнчүлүгүн бошко кетиришти. Көп өтпөй Ронкатто эсепти ачса, экинчи голду Дудченко киргизди. Жыйынтыгында 2:0 эсеби катталып, “Иртыш” жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, бул беттешке легионерлер (чет элдик лигаларда ойногон футболчуларыбыз) катышкан жок.