Быйыл күзгү чакыруу менен мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө 3500гө жакын адамдын чакырылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Коргоо министрлигинин Уюштуруу-мобилизациялоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыргак Бодобаев билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрдан 31-декабрга чейин 1989-жылы төрөлгөн 3500 адам аскерге чакырылат. "Жалпы чакырылгандардын 30 пайызы түштүк жактан болот, алар түндүккө жөнөтүлүшөт. 40 пайызга жакыны облустарга которулат. Ошону менен катар калган 30 пайызы өзү чоңоюп-өскөн аймакта аскердик кызматын өтөйт. Кошумчалай кетсек, биз быйыл 400 жогорку билими бар адамды аскерге чакырабыз",- деди Бодобаев.