Кыргыз өлкөсүндө экстремисттик уюмдардын катышуучуларынын 23 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы бул көрсөткүч 1 пайызды гана түзгөн.
"Быйылкы жылдын алгачкы 8 айында экстремизмди жайылтуу боюнча 264 учур аныкталды. Анын ичинен 119у боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 231 адам ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле экстремисттик маанайдагы 7 миңден ашык ар кандай китеп, видео жана флешкалар табылган. Бүгүнкү күндө республикада диний экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 1866 адам каттоодо турат",- деди Салимов.