"Кара-Мык" тозотунда 2 апта мурун жоокердин дайынсыз жоголгонуна байланыштуу бир нече офицер кызматынан бошотулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жоокерди аймактагы капчыгайлардан, ашуулардан, жергиликтүү айылдардан издешүүдө. Бул ишти Мамлекеттик чек ара кызматы, ИИМ, УКМК жергиликтүү тургундар менен биргеликте жүргүзүүдө. Издөө иштеринде МИ-8 тик учагы пайдаланылууда.

"Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги жоокердин дайынсыз жоголушу боюнча ички тергөөнү жүргүздү. Анын жыйынтыгында бул факттын болушуна жол берген Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын жана "Ош" чек ара отрядынын курамы кызматынан бошотулду. Кызматтарынан бошотулган офицерлер жоокерди издөөгө тартылышты. Мындан тышкары "Кара-Мык" тозотунда "Ош" чек ара отрядынын жеке курамы толугу менен алмаштырылды",- деп билдирет мекеме.

Эске салсак, 25-августта "ЭЛДИК КАБАРга" "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары унаалар менен чыгып кетишкенин окурман кабарлаган эле.

Ал аталган тозотто кызмат өтөп жаткан жеринен 23-августта жоголгон. Жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
mmambet94
2015-09-08 12:08:14
Табылып калса экен аман эсен,
+3
aikol87
2015-09-08 12:11:19
Эсен аман уйуно келе кор.Бир ай калганда жоголду деген эмнеси.Бул баланы бир нерсе кылып жок кылып койушпадыбы.
+2
deva
2015-09-08 12:14:54
Аскерде ушундай тартип экен го кете турган жоокерлерге салык салышат экен. Менин бир таанышымымдын иниси аяктап ошондо жөнөп жатышкан бир нерселерди алып алышып иним отметка кылат экен дешип. Ушунча чыдаган аны офицерлер эле бирдеме кылышты. Эмнеге жумуштан эле бошотушат, табышсын тиги баланы жоопкерчилик алышкандан кийин.
+6
bolotbai
2015-09-08 12:17:49
Эки аптадан бери дайынсыз жок болуп табылбай жатса,эми ачык эле аты жонун фамилясын суротун келген жерин жарыя кылып айткыла да.Тымызын издей бербей,мумкун аты жону айтылса билген таанышан адамдар чыгаар.
+10
Nur.88
2015-09-08 12:21:24
Табылып калса экен аман эсен, ушундайларды угуп, анан эл дагы балдарын аскерге жибербоо учун военный билетин акча менен эле алып атышат да.
+1
karona
2015-09-08 12:49:23
Бул жоокерди биринчи курал менен качып кетти деп жатышты беле? Ошол жоокерби?
+1
baba.
2015-09-08 13:05:08
Тажикстандын куралдуу кучторуно кошулуп кетпедиби....чп чыктыго ал жактан.менин жеке оюм.
-2
Parish
2015-09-08 13:18:12
baba., Ал жака эч качан кошулбайт,ордуна зунду
алмаштырып корчу,кошулат белен тажикстанга.
Менин ойумча тажикстан тараптан куч колдонуп
алып кетиши мумкун.
+4
Arslanbek
2015-09-08 13:51:26
Тажик тарап куч колдонуп алып кетиши мумкун. бир ай калганда эч кайсы жоокер качпайт. тем более курал мн. ХХХ ХХХ ХХХ...
+4
admin_portal
2015-09-08 13:53:51
Arslanbek - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-5
sherzatik
2015-09-08 14:32:46
Албетте табылышын каалайм)өкүнүчтүү, акыл эси жайында жоокер жөн эле жоголуп кетпейт.Тажик тарап алып кетиши мүмкүн себеби канча адамдар издеп таппай жатышат,болбосо тик учак деле тапмак.Кыргыз эли бар бол!
+4
kanykey125
2015-09-08 15:40:29
Табылып калсын аман эсен..тынч эле болсунчу..
+1
EdikoKG
2015-09-08 19:49:42
Жоголгон жигитти розыскка бербейби? Озунорчо эле издей берсенер болбойт.
0
maksymtegin
2015-09-08 22:47:37
ото жонокой жаза бир адам жоголуп кетти болгондода куралы менен катуурак чара корулуш керекго дейм
0
nura.177
2015-09-09 00:00:01
Бизде эн эле жакшы бул кызматтан кетирип башка кызматка откоруп эле коюшат. Жазасы ушулбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан