Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү мекемелерин күз-кыш айларына даярдоо максатында тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Мектеп жана бала бакчалардын элеваторлору, жылуулук түтүктөрү текшерүүдөн өткөрүлүп, оңдоо жумуштары аткарылды. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен акча каралып, 5 мектеп, 3 балдар бакчасында жылуулук системин капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлдү. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, билим берүү мекемелеринин 2015-2016-жылга күз-кыш айларына даярдыгын көзөмөлдөө жана аларга жакындан жардам берүү максатында Билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын штаб түзүлгөн. Штабдын мүчөлөрү пландын негизинде иш алып барышууда жана жума сайын штабда даярдык боюнча маалыматтар угулууда.
Ош шаарындагы Билим берүү башкармалыгына караштуу 83 билим берүү мекемеси күз-кыш мезгилине ЖЭБ, Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасы тарабынан жана өздүк откана аркылуу жылуулук алат. Анын ичинен ЖЭБ аркылуу 26 (16 мектеп жана 10 балдар бакчасы), Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо тарабынан 50 мекеме (32 мектеп 18 балдар бакчасы), өздүк электр тогу менен 1 мектеп, өздүк буу казанынан 6 мекеме (4 мектеп, 6 балдар бакчасы) камсыздалат.
Өздүк буу казаны менен жылытылган 4 мектеп, 2 балдар бакчасы 280 тонна көмүр менен камсыздалат. Учурда 280 тонна көмүр сатып алуу үчүн электрондук портал аркылуу тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталды.