Ош облусунун аймагынан ажылык сапарга аттанган кезектеги топ 6-сентябрда Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына учуп кетти. Ош облусунан уча турган зыяратчыларды узатууга Ош облусунун мусулмандар казысы
Самидин кары Атабаев катышып, аларга ажылыктын шарттарын түшүндүрдү.
Бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунан ажылык сапарга 650 зыяратчы учуп кеткен. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учуп барып, ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.