Оштогу жогорку окуу жайлардын бири Кытайдын университети менен кызматташууга өттү

Ош мамлекеттик университетине Кытайдын Чанъань университетинин Эл аралык билим берүү институтунун директору Жанг Вей баштаган делегация келди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда жаңы келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Өзгөчө дистанттык окутуу боюнча окутуучуларды, студенттерди алмашуу сунушу киргизилди. Мындан ары эки тарап сүйлөшүүлөрдүн негизинде келишимдердин үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу 8-сентябрда аталган окуу жайдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ОшМУ менен Кытайдын бир нече университеттеринин ортосунда кызматташуу боюнча иштиктүү иштер жүрүүдө. Ал эми ОшМУнун Конфуций институту 3 жылдан бери иш жүргүзүп, 300гө жакын студенттер билим алышууда. Институтта билим алууга өзгөчө шарттар түзүлүп, окуу жылынын ар бир семестринде ОшМУ менен Синьцзян педагогикалык университетинин ортосундагы келишимдин негизинде Конфуций институтунун мыкты билим алган 10дон ашуун студенттери кытай тили боюнча 6 айлык стажировкага барып, бюджеттик негизде билим алып келишүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан