Өлкө аймагында чет мамлекеттерде болуп жаткан куралдуу кагылышууларга кыргыз жарандарын тартуу, жалдоо фактылары уланып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республиканын жүздөгөн жарандары Сирия, Ирак өлкөлөрүнүн аймагында болуп жаткан кагылышууларга ар түрдүү эл аралык террордук уюмдардын курамында катышып жүрүшөт. "Аталган мамлекеттерге кеткендердин арасында 122 аял, 83 жашы жете элек өспүрүм бар. Мындан тышкары Сирияга, Иракка кыргыз жеринен 63 үй-бүлө кеткен. Кагылышууларда 45 кыргыз жараны өлгөндүгү жөнүндө да маалымат бар",- деп билдирет мекеме.