Кыргыз балбаны Арсен Эралиев Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Учурда АКШнын Лас-Вегас шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. 8-сентябрда орун алган кармаштарда грек-рим күрөшү боюнча 4 комплект медаль ойнотулду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалым болгондой, бул күнү кыргыз балбаны Арсен Эралиев 59 килограмм салмакта килем үстүнө чыгып, эки атаандашын жер каратуу менен жарым финалга чыкты. Жарым финалда ал азербайжандык спортчуга утулуп калды. Ошондой эле коло медаль үчүн күрөштө да ал жеңилүү ызасын тартып, 5-орунду ээледи. Бирок мелдештин жобосуна ылайык, алдынкы 5 орундун ээси, анын ичинде Арсен “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо алды.

Кошумчалай кетсек, Арсен Эралиев аталган Олимпиадага жолдомо алган экинчи кыргыз спортчусу. Буга чейин жолдомого жеңил атлетика боюнча Юлия Андреева ээ болгон. 

Кыргызстандык Арсен Эралиев vs Вон Чол Юн (Түндүк Корея). Бронза - 59 кг
Жарым финал: Ровшан Байрамов (Азербайжан) vs Арсен Эралиев (Кыргызстан)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ainuska00
2015-09-09 10:45:14
Эн соонун .........Кыргызстандын байрагын желбиретип.....алга алга алга
0
bekos2012
2015-09-09 10:47:08
Азаматсын Арсен! Сенин аркандан дагы коптогон жолдомолор келсин Олимпиадага!
0
nursultan1
2015-09-09 12:19:57
Айй түнү менен балбандарыбызга жан үрөп отурдум, жаман эмес жыйынтык, кечээ килемге чыккан төрт балбаныбыз тең чейрек финалга дейре жетишти. Арсен Эралиев менен Самат Шырдаков бешинчи орунду ээледи. Мурат Рамонов эсеп 1-1 болгонуна карабай, акыркы аракет менен АКШ балбанына алдырып койду. Анан Кайрат Түгөлбаев дагы азамат эң сонун күрөш коргозду.
0
Azahan
2015-09-09 17:39:34
Красавчик Арсен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан