"Сатып алган жер тилкелерибиз арестте турганы үчүн балдарыбыз мектепке барбай, биз шайлоого катыша албайбыз" дейт жаңы конуштун тургуну

Бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында Биримдик-Кут жаңы конушунун жашоочулары өкмөткө кайрылып, алардын жер тилкелерин аресттен чыгарып, Лебединовка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү суранышты. Аталган конуштун тургуну Кундуз Сарыгулованын айтымында, 2008-жылга чейин Аламүдүн районуна караган бул конуштун орду айыл чарба жерлери болгон. Кийин жер тилкелери жеке турак жай курууга берилген.
"Биздин конушта учурда 2 миңге жакын түтүн жашайт. Жерлерибиз 2014-жылдын август айында Башкы прокуратура тарабынан арестке алынгандыгына байланыштуу бизди бир дагы айыл өкмөтү кабыл албай жатат. Мунун айынан балдарыбыз мектепке же бала бакчага бара албай калышты. Жакында шайлоо болот, ага кантип катышабыз? Өз жерибизде өгөй баладай эле болуп калдык",- деди Сарыгулова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
maksnarin
2015-09-09 14:50:26
Мыйзамдуу сатып алыш керек болчу,ансыз да Бишкекти чон айылга айландырдык кепелерди салып айланта..
0
mem77
2015-09-09 17:16:13
maksnarin, Бишкекти чоң айылга айлантпаш үчүн мамлекет каражат таап, үйү жокторго өз баасына эң аз пайыз менен батирлерди салып бериш керек эле, эми түштөн кийин наалыштын эч кереги жок!!!
0
mem77
2015-09-09 15:10:30
Мыйзамдуу жерлерди сатып алуу үчүн карапайым элдин капчыгы туура келбейт,айлык акысы 5000 сом болуп турса 10 000 долларлык жер тилкесин кантип сатып алат экен? Ал эми аресттеги мыйзамсыз жерлер 1500 доллардан 3000 долларга чейин, айырмасы барбы?
0
nura_kg
2015-09-09 15:38:56
oyyyy al jerde timele asmandin basin aytisat go anan, 10000-15000 min dep, aresttegi jerlerin osochno baalap atishiptirby?

2-3 jil murun ele 2000 dep atisti ele biyil ele kotorup iyisti
0
Samchuk
2015-09-09 16:33:31
Мыйзамдуу эле жерлер булар. Мыйзамсыз болсо Гос регистрдан каттатып сатып алып жатканда эмнени карап турушту эле арест кылган адамдар.
0
mem77
2015-09-09 17:10:00
Samchuk,жерди мыйзамсыз сатып алганда Мам каттоого барбай эле Ишеним катты Нотариустан эле жаздырып аласың, ошол үчүн бул жерлер Мыйзамдууларга караганда бир нече эсе арзан, мындайча айтканда чөнтөктөгү акчаңа, айлыгыңа туура келет... айла жоктон...
0
Samchuk
2015-09-10 17:27:41
mem77, госрегистрде оформлять этип сатып алганымдан айтып жатпайымбы
0
mem77
2015-09-09 17:00:08
Дал ушуга окшош жерлер Ак-Ордонун батыш тарабында да бар, айыл чарба жерлерин бөлүштүрүп сатып жиберишкен, 1,500-2000 доллардан, бирок доверенность менен эле, анан үйү жок адамдар квартиралап тажагандар ага карабай тамдарды салып алышып, жол, суу, свет жок экенине карашпастан жашап жатышат.
0
mem77
2015-09-09 17:07:35
Бишкекти чоң айылга айлантпаш үчүн мамлекет каражат таап, үйү жокторго өз баасына эң аз пайыз менен батирлерди салып бериш керек эле, эми түштөн кийин наалыштын эч кереги жок!!!
+1
tyratbek
2015-09-10 22:21:08
окмоттон кутуп жата бербей эмгектениш керек болчу бирдеме болсо эле окмотту куноологонго конуп алдыкго башка элдер татынакай эле иштеп бутунан туруп атышатго алардан эмненер кем аракет кылсан берекет
0
ooki8888
2015-09-10 22:25:32
Элитный эмес, эл учун уйду качан салат биздин малилекет? Жок дегенде ынгайлуу шартта, узак убакыт ипотека берсе кана. Тажадым квартирант болуп жашагандан!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан