Велоспорт боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону Евгений Ваккер 11-13-сентябрь аралыгында Францияда эл аралык мелдешке катышат. Рейтингдик жарышта Олимпиада оюндарынын алдында упай берилет.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, уюштуруучулар мелдешке катышуу үчүн Австралия, АКШ, Италия, Германия, Голландия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 30дан ашуун спортчуну чакырган. Анын ичинен Е.Ваккер Азиядан чакырылган жалгыз спортчу экени белгиленет маалыматта.