Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койду

Улуу Британиянын ханышасы, 89 жаштагы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койду. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. 
Бүгүн кечинде азыркы ханышанын такка отурганына 63 жыл 217 күн болот (ханыша Викториядан бир күнгө көп). Бул күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалаган. Ошондой эле жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышат.
1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. 
Елизавета Александра Мария 1926-жылы 21-апрелде туулган. Ал герцог Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
manas93kg
2015-09-09 23:28:09
Чынында рекорд.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан