Биримдик-Куттун тургундары жер тилкелерин аресттен чыгаруу талабы менен Ак үйдүн алдында митингге чыгышат

Биримдик-Кут жаңы конушунун жашоочулары жер тилкелерин аресттен чыгаруу талабы менен митингге чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында конуштун тургуну Улан Бердибаев билдирди.

Анын айтымында, жашоочулар нааразычылык акциясын эртең, 10-сентябрда Ак үйдүн алдында уюштурууну пландап жатышат. "Биздин жашоодо жер тилкеңе тиешелүү Кызыл китебиң болсо да, ал сенин мүлкүң экенин ырастабайт экен. Мисалы, мен Биримдик-Кут жаңы конушуна 2013-жылы көчүп баргам. Анда жердин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин текшерүү иретинде Башкы архитектурага барып, өз көзүм менен жаңы мектеп, бала бакчалардын курулуш пландарын көргөм. Эми болсо Башкы прокуратура “жаңы конуш мурдагы айыл чарба жерлеринде турат” деп 136 гектар жер тилкени арестке коюп койду. Мунун айынан же насыя ала албай, же кайсы бир мамлекеттик органга кайрыла албай, өзүнчө бир анклавга айланып калдык",- деди Бердибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mem77
2015-09-09 17:26:22
Кыргызстандын жарандары митингге чымайынча маселелерин чечип бербей калышты го...
0
ideat
2015-09-10 10:07:49
Бул Самаков кантип чыдап жатты экен үйүндө. Жигит эмес экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан