Бишкекте таштандыны туш келди таштагандарга карата протокол түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору 2015-жылдын 24-августунан 1-сентябрга чейин белгиленбеген жерге таштандыны таштагандыгы жана өрттөгөндөргө карата 8 протокол түздү. Бул тууралуу 9-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаанын көрктөндүрүү жана санитардык нормаларын бузган объектилердин катарында «CyberSport» интернет-клубу, тез тамактануучу жай, гараж, жеке турак үй, К.Көлбаев атындагы Автожол техникуму, «БТА Банк» сактык кассасы, «SalePoint» дүкөнү бар. Эреже бузгандарга карата протокол түзүлүп, Биринчи Май райондук административдик комиссиясынын кийинки кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chimpo
2015-09-09 23:34:54
эээ шаарды таза кармабайсыңарбы мырк болбой
+3
Adi.Avazbekov
2015-09-10 01:40:50
Tuura kylat myndailar toltura bawtalywy jaman emes
+1
M89
2015-09-10 09:54:28
Ошол Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлорунун өзүнө же Бишкек шаарынын мэрине протокол түзүш керек!Анткени таштандыны алып кетет деген күнү сыртка чыгарып койсон, ошол күнү машинасы бузулуп же дагы бир нерсе болуп келбей таштанды ошол боюнча калып иттер чачып кетет. Же мен калп айтамбы? Бишкек шаарынын мэриясы жакшы иштебейт. Бишкек шаары таштандыга айланды го. Көрүп алып көз эмес, адам уялат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан