Бишкекте доллардын курсу дагы кымбаттады

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте доллардын курсу дагы кымбаттады. 8-сентябрда акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 66 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 67 сом 20 тыйындан сатып жатты эле, бүгүн 1 долларды 67 сомдон сатып алып, 67 сом 50 тыйындан сатышууда. Ал эми евро 74 сом 90 тыйындан сатылып алынып, 75 сом 50 тыйындан сатылууда. Эки күн мурун 1 евро 74 сомдон сатылып алынып, 74 сом 50 тыйындан сатылган. Рублдун наркы 2 тыйынга жогорулап, акча алмаштыруучу жайлар 1 рублду 98 тыйындан сатып алып, 99 тыйындан сата башташты. 

Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulnur.narmatova
2015-09-10 11:10:52
Эх доллар доллар жашоо кыйындап эле баратат ко
0
rozka
2015-09-10 11:50:36
Рубль эле которулсо экен бизге
0
topchievMaKsAtBeK
2015-09-10 11:54:26
Оа рубил еле тезиреек которулсо екен доолар тушуп калса екен
0
SHATY
2015-09-10 12:12:55
Доллар бирди коргону калды буйурса!
+1
aziz.k
2015-09-10 16:07:41
SHATY, туура айтасын
+2
Aviator
2015-09-10 12:15:12
нефтинин баасы арзан болсо, бензин да арзан болсо болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан