Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 8 айында ички дүң продукциянын көлөмү 250 миллиард сомдон ашты. Мындай маалыматты бүгүн,10-сентябрда Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштер жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү, алдын ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 6,8 пайызга көбөйдү.
"Ошону менен бирге ички дүң продукциянын (ИДП) түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүүлөр тармагына туура келип, ИДПнын жалпы көлөмү 50 пайызга, өнөр жайдын үлүшү 17 пайызга, айыл чарбанын көлөмү 14 пайызга жакындады, ал эми курулуш 6 пайыздан ашты.
Быйылкы жылдын январь-август айларындагы өнөр жай продукцияларынын көлөмү 115 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21,7 пайызга жогорулады. "Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда, бул мезгил ичинде продукциялардын көлөмү 5,8 пайызга көбөйдү",- деди Турдубаева.