Бишкекте 9-сентябрда иш издегендер үчүн бош орундар жарманкеси өтүп, ага 257 жаран катышты. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине таянсак, жарманкеге катышкан 215 адамга жумушка орношуу үчүн багыттама берилип, калгандарына окуу, кесип өздөштүрүү боюнча кеп-кеңеш айтылды.
"Жарманке күнүнө чейин билим берүү, курулуш, соода жана башка тармактар: маркетолог, психолог, менеджер, эсепчи, журналист, юрист, оператор, администратор, катчы-референт, соода агенттери, ашпозчу, тигүүчү, официант, коопсуздук кызматкери, электр адиси, сантехник кесиптери боюнча 600дөн ашык бош орундар бар экени аныкталган. Бул иш-чара биринчи кезекте педагогика адистигине ээ жарандарга багытталган. Анализ көрсөткөндөй, окуу жылы жаңы башталганына карабай Бишкек шаарынын мектептеринде мугалимдердин тартыштыгы күч",- деп айтылат маалыматта.