9-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын Тюмень облусунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жалгыз калган кыргыз кызы 4-кабаттан кулап келе жатканда сыртта жүргөндөр кармап калышып, аман калды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, Айдай аттуу 6 жашар кыз чоң энеси менен үйдө калган. Чоң энеси дүкөнгө кеткенде кыз жалгыз калуудан коркуп, терезеге чыгып алып сыртты карап жатканда терезеден түшүп кеткен.
Ал учурда сыртта жергиликтүү тургун өзүнүн уулу менен сейилдеп баратып Айдайдын терезеге чыгып алганын көрүп, артка кайтарууга аракет кылган. Бирок кыз кулап келе жатканда аны кармап калууга жетишкен.
Чоң энеси Баризат Китаева небереси Айдай уктап жатканда аны калтырып, дүкөндөн нан жана сүт алып келүүгө кеткенин айтат.
"Мен неберелеримди көрүү үчүн Тюменге 6-сентябрда келгем. Бүгүн эртең менен ата-энеси жумушка, чоң неберем мектепке кетип, үйдө Айдай экөөбүз эле калган болчубуз. Ал уктап жатканда дүкөнгө чыккам",- дейт чоң энеси. Чоң энеси Айдай эч кандай жаракат албаганын билдирген.