Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Түштүк Урал мамлекеттик университети кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, меморандумга кол койгондон кийин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров илимий билим берүү жана маданият байланыштарын, ошондой эле окуу долбоорлорун кеңейтүү керектигин баса белгиледи.
"Окуу долбоорлорунун программаларын өнүктүрүүгө тийишпиз. Алдыда билим берүү технологиялары, студенттер жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, биргелешип изилдөө жүргүзүү жана башка долбоорлордо иш алып баруу каралууда",- деди Насыров.