Америкадагы Дүйнө чемпиондугунда балбан кыз Айсулуу Тыныбекова медаль да, жолдомо да ута алган жок

Учурда АКШнын Лас-Вегас шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Анда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулууда. 11-сентябрга караган түнү кыргыз спортчуларынан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты. Бул тууралуу улуттук курам менен АКШда чогуу жүргөн журналист Тахир Гафуров кабарлады. 
58 килограмм салмакта күрөшкөн спортчу кызыбыз алгачкы беттешинде Финляндиянын өкүлү Петра Олли менен кез келип, утулуп калды. Атаандаштын финалга чыкканына байланыштуу А.Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду. Ал алгач канадалык спортчуну утту, бирок медаль жана Олимпиада оюндарынын жолдомосу ойнотулган кийинки беттеште ал швециялык Маллин Матсонго утулуп калды. Ошентип, Айсулуу медалга жана жолдомого бир кадам жетпей токтоду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nursultan1
2015-09-11 09:24:10
Айй өкүнүчтүү. Матсонго уже экинчи жолу утулуусу болду.
0
aikol87
2015-09-11 09:45:27
Окунучтуу(((.
0
bekos2012
2015-09-11 09:51:04
Абдан окунучтуу...
0
Patriot...kg
2015-09-11 09:51:44
Мейли эми
+1
Umar080814
2015-09-11 10:07:24
ай ай ай ишенгенибиз еле макул айла жок
0
ailam14
2015-09-11 10:21:25
Окунучтуу,бирок баары алдыда
0
maks94.kb
2015-09-11 11:04:19
куйого чыга турган убагы деле келип калган озу
0
Azahan
2015-09-11 11:32:28
Келечек алдыда Айсулу утулса келечекте Айнура утат
0
kama_future_millioner
2015-09-11 11:38:39
Эчтеке эмес кийинкисиндее сөзсүз утат
+2
bermet104
2015-09-11 11:44:21
Элза Абдыкадырова да кетпеди беле. Ал эмне болуптур?
0
nursultan1
2015-09-11 14:45:54
bermet104, ал барган эмес.
0
Izdeim_seni.
2015-09-11 14:43:26
Башка жаш балбан кыздарды чыгарыш керек,кечке эле утбай атса
0
nursultan1
2015-09-11 14:48:13
Izdeim_seni., кантип жасап чыгат? Эгер билсениз айтып коюнузчу. Тообо кылдым, Кыргызстандын тарыхында эң күчтүү биринчи айым балбаныбыз го. Аракет болтат, Айсулуу азамат!
+1
Zarema94
2015-09-11 21:50:51
Утса, азамат. Бир жолу утулса, башкасын даярдаш берек деп... Эми адам болг0ндон кийин идеалдуу эч ким жок. Кийинки мелдештерине ийгилик! Азамат, Айсулуу Тыныбекова!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан