Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектин четинде триатлон спорту боюнча мелдеш болуп өттү. Триатлон - бул сууда сүзүү, веложарыш жана алыстыкка чуркоо сыяктуу 3 спорттун бириктирилген түрү. Андагы жобого ылайык, спортчулар алгач сууда сүзүп жарышмак. Андыктан биринчи болуп 2 айлампаны сүзүп өткөн спортчу суудан чыгып, велосипед менен көрсөтүлгөн аралыкты багынтуу үчүн жолго чыгып жатты. Ал эми велосипед менен белгилүү аралыкты басып өткөн соң аны ордуна коюп, чуркап жөнөйт. Жеңүүчү убакыттын негизинде аныкталып жатты. Кийинки болуп суудан чыккандар да дал ушундай көрүнүштү кайталап, алгач велосипед менен, анан жөө чуркап алыс аралыкты багынтып жатышты. Өзгөчө жарыш сууда сүзүүдө катталды.
Кошумчалай кетсек, аталган спорт түрү боюнча мелдеш кыргыз жеринде алгачкы ирет уюштурулуп жатат.