Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өлкө чемпиондугунун кезектеги турунда чемпиондук үчүн ат салышып жаткан "Дордой" менен "Алай" клубдары беттешти. 90 мүнөт ичинде күйөрмандар 3 гол, көп сандагы эреже бузуу жана эскертүү кагаздарын көрө алышты. "Дордойго" жеңиш алып келген голдорду
Азиз Сыдыков жана
Алмаз Мирзалиев (2 гол) киргизди.
Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта "дордойчулар" атаандаштарын коргонуудан эле кысымга алып, топту тартып алуу аракетин көрүштү. Анан андан ары өз чабуулдарына кезек берип жатышты. Чабуулда баланс болбогону үчүн жана атаандаштын арты-артынан көрсөткөн басымынан улам "Алайдын" оюнчулары мыкты оюнун көрсөтө алышкан жок.
Кошумчалай кетсек, бул беттештен соң чемпиондук жарыш бир топ жандана түштү. Мелдеш жадыбалындагы абал төмөнкүдөй:
Орун
|
Команда
|
Оюн
|
Упай
|
1
|
“Алай” (Ош)
|
15
|
35
|
2
|
“Дордой” (Бишкек)
|
14
|
33
|
3
|
“Алга” (Бишкек)
|
12
|
17
|
4
|
“Абдыш-Ата” (Кант)
|
13
|
16
|
5
|
“Ала-Тоо” (Нарын)
|
15
|
10
|
6
|
“Кейжи Юнайтед” (Бишкек)
|
13
|
4
|