Кечээ, 13-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги туру болуп өттү. Бул күнү чемпиондукка башкы талапкер "Дордой" менен "Алай" ойноп, "дордойчулар" утушту. Ага катар бишкектик "Алга" өз үйүндө канттык "Абдыш-Ата" менен кез келди. Байгелүү 3-орун үчүн жарышып жаткан бул командалардын оюнунда күйөрмандар гол көрө алышкан жок. Жыйынтыгында 0:0 эсеби катталып, командалар бирден упай алуу менен үйлөрүнө тарашты.
Мелдеш жадыбалы:
Орун | Команда | Оюн | Упай |
1 | “Алай” (Ош) | 15 | 35 |
2 | “Дордой” (Бишкек) | 14 | 33 |
3 | “Алга” (Бишкек) | 13 | 18 |
4 | “Абдыш-Ата” (Кант) | 14 | 17 |
5 | “Ала-Тоо” (Нарын) | 15 | 10 |
6 | “Кейжи Юнайтед” (Бишкек) | 13 | 4 |