Биз социалдык тармакта

Чүйдө кылмыш ишин козгобош үчүн пара талап кылган тергөөчүгө карата кылмыш иши козголду

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылуу боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын кенже лейтенанты, М.К. аттуу тергөөчү эки жарандан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгобош үчүн 50 миң сом талап кылган. 5-сентябрда ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө тергөөчү аталган суммадагы параны алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бирок ал кылмыш жасаган жеринен качып кеткен. Ал 7-сентябрда кармалып, ага айып тагылган.

"Учурда тергөөчү СИЗОдо отурат. Тергөө амалдары уланууда. УКМКнын Тергөө башкармалыгы ага карата "пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду",- деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suhrab.kg
2015-09-14 23:01:01
Бул тергочу 50мин менен кармалса 100мин менен кайра чыгып ишин улантса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан