Опузалап пара талап кылган мурдагы милиция кызматкерине Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 2,5 миллион сом айып салынды

Опузалап пара талап кылган мурдагы милиция кызматкери жана соттолуучу Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 2,5 миллион сом төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, А.Б. аттуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери 2009-жылдын 23-июнунда А.К. аттуу жарандан анын бир тууганы Ч.Р. жазык жоопкерчилигине тартпоо жана бошотуу үчүн 500 АКШ долларын опузалап талап кылган. 2009-жылдын 23-июнунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Б. КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал эми быйылкы жылдын 10-сентябрында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы А.Бга карата КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 313-беренесинин негизинде козголгон (опузалап пара талап кылуу) кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун актоо өкүмүн жокко чыгарды.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын өкүмүнө ылайык, А.Б. күнөөлүү деп табылып, 305-берене менен 20 000 эсептөө көрсөткүчү түрүндө 313-берене менен 10 000 эсептөө көрсөткүчү түрүндө айып салынды.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесине (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) ылайык, жазаны жарым-жартылай кошуу менен биротоло жаза 25 000 (жыйырма беш миң) эсептөө көрсөткүчү түрүндө, башкача айтканда, 2 500 000 (эки жарым миллион) сом айып салынды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
EdikoKG
2015-09-15 15:34:21
Эн сонун жаза. Акча издеп буту тешилет экен да эми.
0
briliant87
2015-09-15 20:51:05
Байкуш милиция.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан