4-октябрда, шайлоо күнү 9310 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоодо аларга ыктыярдуу элдик кошуундардын 9 миңден ашуун мүчөлөрү жардам беришет. 1-6-октябрь күндөрү республикада ИИМдин жалпы курамы күчөтүлгөн тартипте иштешет. "Шайлоого байланыштуу ИИМдин жыйынынын отурумунда милиция кызматкерлери шайлоо комиссияларынын ички иштерине аралашпай, жарандардын укуктарын жана коопсуздугун коргошу керек экени айтылды",- деп билдирет мекеме.