Азия чемпиондугунун тандоо турунда өспүрүм футболчуларыбыз Бишкекте Оман, Непал жана Иордания менен беттешет

Эртең, 16-сентябрда Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алат. Эсиңиздерде болсо, 16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары тандоо турунда "В" тайпасында жайгашып, Оман, Непал жана Иордания курамалары менен кез келишет. Кийинки баскычка түз чыгуу үчүн команда тайпада 1-орунду ээлеши керек. Ошондой эле мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда да кийинки баскычка чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Бирок анда өз дарбазасына өткөргөн голдор жана атаандаштын дарбазасына киргизген голдор эсепке алынып, башка тайпаларда 2-орунду ээлеген командалардын жыйынтыгы каралат. Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу Индияда өтөт.  

  

Оюндардын тизмеси жана сааттары: 

16-сентябрь

Саат 15:00. Непал – Иордания

Саат 20:00. Оман - Кыргыз Республикасы

18-сентябрь

Саат 15:00. Иордания – Оман

Саат 20:00. Кыргыз Республикасы – Непал  

20-сентябрь

Саат 15:00. Непал – Оман

Саат 20:00. Кыргыз Республикасы – Иордания  


SUPER.KG порталы бүгүн, 15-сентябрда бул 4 кураманын машыгууларына жана машыктыруучулардын пикирлерине орун берет. 

Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы Оман, Непал жана Иорданияга каршы турат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
1982bek
2015-09-15 11:38:15
Келечектен коптуу умуттондургон биздин жаш командага ийгилик каалайм!Кудайым колдоп,кыргыз желегин желбиретип жургуло!
+1
arman00
2015-09-15 11:50:11
админ ктрккадан туз алып берет бекен билип бериниздерчи
0
tilek-x
2015-09-15 12:41:10
Кайсы каналдан коро алабыз айтып койгулачы тактап админ сураныч
0
admin_portal
2015-09-15 13:18:26
tilek-x, arman00, саламатсыздарбы!
Азырынча андай маалыматыбыз жок, болгондо сөзсүз кабарлайбыз.
0
Mars55
2015-09-15 15:41:47
бизде туз эфир иштебейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан