Өлкөдө билим берүү объектилеринин 80 пайызы капиталдык оңдоп-түзөөгө жана сүрдүрүп, кайра курууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйынында айтылды.
Мындай көрсөткүчтөр Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында белгилүү болгон.
Жогорудагы маселелерди чечүү үчүн Билим берүү министрлиги тарабынан "Коопсуз мектеп жана бала бакча" программасы иштелип чыккан. Ага ылайык, 2015-2024-жылдар аралыгында жыл сайын 200 мектеп жана 80 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтөт же кайра курулат. Быйыл аталган программанын алкагында авариялык абалга келип калган мектептердин ордуна 66 жаңы мектеп ишке берилет. Муну менен катар 100 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.