Эртең, 16-сентябрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Эл жазуучусу
Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Андан соң Байтик айылында жазуучунун сөөгү жерге берилет. Бул тууралуу 15-сентябрда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казат Акматов 14-сентябрда эртең менен 74 жашында каза болгон. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү.