2016-жылдан тарта мугалимдер кесиптик аттестациядан өтө башташат

2016-жылдан тарта мугалимдер кесиптик аттестациядан өтө башташат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Министр мугалимдик стандарттар иштелип чыкканын кошумчалады.  
"Учурда көптөгөн ата-энелер мугалимдердин иштөө деңгээлине нааразы. Мындан улам биз атайын стандарттарды иштеп чыктык. 
Мындан тышкары 2016-жылдын 1-январынан тарта мугалимдерге алардын категориясы кайтарылып берилет. Ага ылайык, эмгек акылары да айырмаланып турат. Билесиздер, быйыл биз мугалимдердин 1 саат үчүн алган акчасын эки эсеге көбөйткөнбүз. Бирок ошол эле учурда билим берүү системинин кызматкерлери саламаттыкты сактоо тармагынан 10 пайызга азыраак маяна алып келишет",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан