Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кара-Суу кенин иштетүү укугу аукционго коюлат. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, аукцион быйыл 5-ноябрда Аксы райондук администрациясында өтөт. Иштетүүгө берилүүчү жер - аталган алтын кенинин Капчыгай-1 (чалгындоо), Капчыгай-2 (казып алуу) тилкелери. Биринчи тилкенин баштапкы баасы 1000 доллар, экинчи тилкеники 4160 доллар экени белгилүү болду. Катышууну каалагандар тийиштүү документтерин 30-октябрь, саат 15:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырышы керектиги айтылды:
Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-2, 225-бөлмө. Тел.: (0312) 90-98-76.